Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

Бишкек: Таксист коронавируска чалдыгып, дагы алты адамга жугузган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-апрелге карата борбор калаа Бишкекте коронавирус табылгандар 25 киши. Бул тууралуу шаардын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, бир таксист бул илдетке чалдыкканын билбей жүрө берип, аялына, кыз-күйөөсүнө, эки уулуна жана бир небересине жугузган.

Дагы бир адам үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүнө жугузуп алган.

Мэр билдиргендей, жалпысынан бүгүнкү күндө баш калаада 1756 адам обсервацияда же үй карантининде отурат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ, 14 күндөн кийин анализи таза чыкса алар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнөн чыгарылат. Буга чейин 1359 адам көзөмөлдө болуп, чыгарылды.

7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 228 адамдан табылды, алардын төртөө каза болду, 23ү айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG