Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги Апрель баатырларына тургузулган эстеликке гүлчамбар койду. Маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, президент Жээнбеков ошондой эле «Ата-Бейиттеги» Үркүндүн, саясий репрессиянын курмандыктарына жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигине да гүл койду.
Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева жана биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
«Ата-Бейиттеги» эскерүүдөн кийин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ала-Тоо аянтындагы «Аксы жана Апрель окуялары учурунда эркиндик үчүн күрөштө курман болгондордун» эстелигине гүлчамбар койду.
2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган. (ZKo)