Ош облусунун коменданты Малик Нурдинов 7-апрелде брифингде билдиргени боюнча, жаран өзүнүн вирус жугузуп алганын билип туруп, аны жашырган. «Тууган-уруктары, жакындары менен аралашып жүрө берген, эч кандай коопсуздук чараларын көргөн эмес. Симптомдору чыкканда гана текшерүүдөн өтүп, вирус жугузганы аныкталды», -деди Нурдинов.
Ошондой эле андан оору кесиптештерине жана досторуна да жукканы тест аркылуу текшергенде аныкталган.
Нурдиновдун маалыматына ылайык, учурда шектүү өзүнчө изоляцияда. Айыгып чыккандан кийин камакка алынат. Жазык кодексине ылайык оорусун билип туруп жашыргандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Комендант оорусун жашырган жаранга карата сотко чейинки териштирүү кодекстин кайсы беренесинин негизинде башталганын ачык айткан жок. Ошол эле учурда ал коронавирустун белгилери билинер замат дарыгерлерге кайрылуу зарыл экенин эскертти.
Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 7-апрелде 228 адамга жетти. Анын ичинен басымдуу бөлүгү: 106 адам Ош облусунда жана Ош шаарында катталган. (ZKo/DU)