Франциянын президенти Эммануэл Макрон Тегеранды дүйнөнүн көңүлү коронавируска бөлүнүп жаткан шартта өзөктүк (ядролук) макулдашууну сактоого чакырды.
6-апрелде Макрон Ирандын президенти Хасан Роухани менен телефондон сүйлөшүп, эл аралык коомчулук пандемияга каршы бирге күрөшүү зарыл экенин белгилеген. Ага удаа эле Тегеран өзөктүк макулдашуудагы милдеттенмелерин аткарып, мунасага каршы келген кадамдардан баш тартуу менен «аймактагы чыңалуунун басаңдашына өбөлгө» боло аларына үмүт арткан.
Роухани да коронавируска каршы бирге күрөшүү зарыл экенин айтып, колдоо сураган. «Глобалдык кызматташтык жана тажрыйба алмашуу болмоюнча бул кыйын абалдан чыга албайбыз» деп айтканын Роуханинин кеңсеси билдирди.
6-апрелде эл аралык «Human Rights Watch» уюму Кошмо Штаттарды Иранга карата экономикалык санкцияларды жеңилдетүүгө, пандемия учурунда өлкөгө гуманитардык зарыл каражаттардын киргизилишине мүмкүндүк берүүгө чакырган. Ушундай эле мазмундагы билдирүүнү Бириккен Улуттар Уюму менен бирге башка мамлекеттер, Кошмо Штаттардагы айрым саясатчылар да таратышкан.
Ошол эле маалда АКШ президенти Дональд Трамп сунуш кылган гуманитардык жардамдан Тегеран баш тартып келет.
Иран - коронавирустан эң катуу жабыркап жаткан он өлкөнүн бири. 7-апрелге карата инфекцияны жугузгандар 60 миңден ашты. Анын ичинен 3739 адам көз жумганы расмий кабарланды.
Жапырт кыргын салуучу курал жасоону тыюу максатында 2015-жылы алты өлкө Ирандын өзөктүк программасын чектөөнү макулдашкан. Бирок АКШ 2018-жылы чыгып кетип, Иранга каршы санкциялардын көбүн калыбына келтирген. Кийин Тегеран да мунасанын шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытууну күчөтөрүн билдирген.