Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Ошто жалган маалымат тараткан жаран элден кечирим сурады


Мамлекеттик материалдык резерв фондунан бөлүнгөн ун. Ош облусу. 6-апрель, 2020-жыл. Сүрөт өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө таандык.

Өзгөн районунун тургуну «мамлекеттик матрезервдин бекер уну сатылып жатат» деп соцтармактарга маалымат таратканы үчүн кечирим сурады. Ош облусунун, Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендатурасынын маалымат борборунун башчысы Жеңиш Аширбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, жарандын «матрезервден келген ун 200 сомдон сатылып жатат» деп соцтармакка тараткан маалыматы иликтенди.

«Иликтөөнүн жыйынтыгында унду жеткирип барган айдоочу «күйүүчү май үчүн 200 сомдон төлөп бергиле» деп сүйлөшкөнү аныкталды. Бирок жарандын соцтармакта түз эфирге чыгып алып, «ундун ар бир кабы үчүн 200 сом алып жатышат» деп айтканы жалган болуп чыкты. Маалыматты тактабай туруп, соцтармакка туура эмес билдиргенин мойнуна алып, Өзгөн районунун тургуну кечирим сурады», - деди Аширбаев.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекованын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, 19-мартта Мамлекеттик материалдык резервдик фондунан 300 тонна ун 1600 сомдон берилип, облус аймагында өз баасында сатылган. Ал эми 27-мартта Мамлекеттик материалдык резерв фондунан облуска 1325 тонна ун жардам катары бөлүнүп берилген.

«Мунун ичинен 640 тоннасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майып адамдарга, согуштун жана ооруктун ардагерлерине, Ооган жана Баткен согушунун катышуучуларына акысыз таратылып берилди. Унду таратуу социалдык кызматкерлер, жергиликтүү бийликтин жана экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлүп жатат», - деди Нуркыз Кадырбекова. (ZKo/DU)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG