Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Онлайн сабактардын жадыбалы жарыяланды


Онлайн сабактар тууралуу маалыматтык баракча.
Онлайн сабактар тууралуу маалыматтык баракча.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептерде IV чейректи окутуу 8-апрелден тартып онлайн жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги 210 мугалимдин катышуусу менен видеосабактарды жүргүзөт.

Министрлик ЭлТР телеканалынан 8-11-апрель күндөрү 5-11-класстар үчүн жүргүзүлүүчү онлайн сабактардын жадыбалын жарыялады. Жадыбал Билим берүү жана илим министрлигинин, шаардык жана аймактык билим берүү башкармалыктарынын сайттарына илинди.

8-апрелден тартып бала бакчалардын тарбиялануучулары жана кенже класстагы окуучулары үчүн «Баластан» каналы аркылуу телесабактар уюштурулат. Ал эми 5-класстан жогорку окуучулар үчүн ЭлТРдин «Илим, билим», «Санат» телеканалы аркылуу телесабактар берилет.

Мындан сырткары мугалимдер окуучулар менен «Zoom», «WhatsApp» тиркемелери аркылуу байланышып, тапшырмаларды текшерип турушат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG