Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Мэрия: «Унуңуз бар турбайбы» деп матаган кызматкерлер жазаланды


Балбак Түлөбаев.

«Дордой» базарынын жанындагы конушта жашаган муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттен ун таратуу тууралуу видеодогу кызматкерлер аныкталып, аларга сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 7-апрелде Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасында билдирди.

Ал Муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) кызматкерлери барган конуштун тургундары менен өзү жолугуп, кечирим сураганын, ун таратылганын айтты:

«МАБдын ушундай мамиле кылган кызматкерлерине жана жетекчисине сөгүш жарыяладык. Акимге эскертүү бердик. Мыйзам чегинде жазасын алышат. Мындайды болтурбоого болгон күч-аракетибизди жумшайбыз».

6-апрелде Интернетте бир короодо батирде жашаган бир нече жакыр үй-бүлөгө жардам таратуу учуру чөнтөк телефонго тартылган видео тараган. Анда колуна кагаз, калемсап кармаган эки адам улам бирөөнүкүнө кирип, текшерип, «унуңуз бар турбайбы» деп матап жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстандын айрым аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилип, мекеме-ишканалар убактылуу жабылган. Элдин көбү жумушсуз отурат. Мамлекет муктаждарга деп мамлекеттик резервден ун таратып жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG