Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Жапония коронавируска каршы 1 триллион доллар бөлөт


Синзо Абэ баштаган жапон өкмөтүнүн мүчөлөрү. 7-апрель, 2020-жыл.
Синзо Абэ баштаган жапон өкмөтүнүн мүчөлөрү. 7-апрель, 2020-жыл.

Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ 7-апрелде өлкөнүн Токио шаары баштаган жети аймагына өзгөчө абал жарыялады. Бул өлкө элинин жарымына жакынынын турмушу кеминде бир ай чектелерин билдирет.

Элди үйүнөн чыгарбоо, ишканаларды убактылуу жабуу үчүн өкмөт көбүрөөк ыйгарым укукка ээ болду. Ошол эле учурда эреже бузгандар дээрлик жазага тартылып же айыппул төлөшпөйт. Бийлик жарандардын аң-сезимине, бири-бирин урматтоосуна үмүт артууда.

«Эгер биз адамдар ортосундагы контактты жок дегенде 70% же балким 80% азайта алсак, анда эки аптадан кийин вирустун таралышы туу чокусуна жеткидей кыла алабыз. Анан ал сандар азаят», - деди Синзо Абэ.

Премьер-министр буга удаа эле экономикалык жөлөк программасын жарыялап, аны дүйнөдөгү эң ирилердин бири деп баалады. Тактап айтканда коронавируска каршы күрөшүүгө 1 триллион долларга жакын бөлүүгө убада берди. Бул жапон экономикасынын бештен бир бөлүгү.

Жапонияда коронавирус жугузгандар 4 миңди чамалады, 92 адам көз жумду. Акыркы күндөрү илдетке чалдыккандар көбөйүп кеткени өкмөттү чукул кадамдарга аргасыз кылды.

XS
SM
MD
LG