Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Өкмөт: матрезервден берилген ун курттаган эмес


Матрезерв фондунун унун таратуу учуру. Ош шаары. 6-апрель,2020-жыл.
Матрезерв фондунун унун таратуу учуру. Ош шаары. 6-апрель,2020-жыл.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларындагы ундун сапаты байма-бай текшерилип турат. Даяр продукцияны сактоо эрежелери коюлган бардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү “Азаттыкка” кабарлады.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам иретинде таратылган ундан курт чыккандыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

“Жардамга муктаждарга таратылган ун Бишкек шаарына «Кант-Дан-Азык» акционердик коомунун жана Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампаларынан алынып келинген. Аталган комбинаттарда I жана II сорттогу даяр ун атайын текшерилди. Натыйжада № 56 электен өткөрүлгөн ундан эч кандай курт чыккан эмес. Аталган кампаларда сакталган продукциянын сапаты үзгүлтүксүз текшерилип турат”, -деп айтылган маалыматта.

Өкмөттүк аппарат маалыматында социалдык тармактарда тараган видеодо көрсөтүлгөн ундан чыккан курт ундун курту эмес экенин, ал мөмө-жемиш бактарында болуучу зыянкечтигин белгилеген.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Кыргызстанда 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик материалдык резервден 5 400 тонна ун таркатылууда. Шаардык, район аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу муктаж болгон жарандарга азык-түлүктөрдү жана коргоо каржаттарын үйлөрүнө чейин жеткирип жатышканы расмий кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG