Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Ошто коменданттык сааттын талаптарын бузган судьянын аракеттери териштирилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коменданттык сааттын убагында тартип бузган судьянын аракеттери Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Ош шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданттын басма сөз борборунун кызматкери Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда 6-апрель күнү кечинде Ош облустук сотунун судьясы мас абалында коменданттык сааттын шарттарын бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Бул фактыны Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тастыктап, судья комендаттык саат башталганга чейин кармалганын билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, 25-марттан бери өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык сааттын талаптарын бузган 2038 адам кармалып, кайра коё берилген.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өлко боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. (MdN)

XS
SM
MD
LG