Ош шаарынын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында 52 жаштагы жалгыз бой аял 16 жаштагы баласы менен вагондо жашайт. Акыйкатчынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө бул үй-бүлө 15 жылдан ашык убакыттан бери вагондо жашаарын айтып берген. Жалгыз бой аял майып экенин, бирок аны тастыктаган документ ала албагынын айтууда. Ал документ боюнча Райимбеков №4 көчөсүнө катталган.
Бул жаран Ош шаардык мэриясына кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын кабарлады. Акыйкатчынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү анын арызын көзөмөлгө алынарын билдирди. (TSh)