Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Министр: Дарыгер аркылуу анын жакындарына да илдет жуккан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан медицина кызматкерлеринде илдетти жугузуп алуу коркунучу көп экенин белгиледи. Ал COVID-19 вирусу табылган дарыгерлер боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү зарыл экенин айтты.

«Эпидемиологиялык иликтөөдөн кийин эмненин негизинде жукканын айтышыбыз керек. Эрежелерди сактабаган үчүнбү? Атайын кийим-кечелерди бергенбиз. Кээде ошону кийип, кайра чечкенде эреже сакталбагандыктан жугузуп алышы мүмкүн. Инфекциялык ооруканада иштеп жүргөн бир дарыгер өзү менен кошо иштеген үч медицина кызматкерине жана үйүндөгү баласы менен келинине жугузуп алган», - деди министр.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 228 адамдан табылды, алардын 19у медицина кызматкерлери. (TSh)

XS
SM
MD
LG