Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Азербайжанда жашы 65тен өткөндөр абактан чыгарылууда


Баку шаарындагы карантин учуру. Күч кызматкерлери жарандын документин текшерип жатышат.
Баку шаарындагы карантин учуру. Күч кызматкерлери жарандын документин текшерип жатышат.

Азербайжан бийлиги коронавирус эпидемиясына байланыштуу камактагы улгайган кишилерге ырайым кылат. Жашы 65тен өткөндөрдү эркиндикке чыгаруу тууралуу жарлыкка президент Илхам Алиев 6-апрелде кол койду. Алдыдагы күндөрү 176 адам абактан чыгары кабарланды.

Ырайым алгандардын арасында Улуттук коопсуздук министрлигинин мурдагы аткаминери Акиф Човдаров да бар.

67 жаштагы Човдаров энергетика жана транспорт тармагындагы коопсуздук башкармалыгын жетектеген. Паракорлук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана башка бир катар айыптар менен 2015-жылы кармалып, бир жылдан соң 12 жылга кесилген.

Азербайжанда март айында киргизилген карантин режими 20-апрелге чейин узартылды.

XS
SM
MD
LG