Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Трамп: ДСУ Кытайга абдан көп көңүл бөлдү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдети жайылган кезде Кытайга абдан көп көңүл бурду», – деп жазды «Твиттердеги» баракчасына. Ак үйдүн жетекчиси кырдаал боюнча абалды териштире турганын айтып, уюмду негизинен АКШ каржылай турганын кошумчалады.

Буга чейин америкалык медиа каражаттары Трамптын COVID-19 эпидемиясынын жайылышына каршы аракеттерин сындаган материалдарды жарыялашкан. Журналисттер кышында эле адистер «вирустун жайылышына карата кескин чаралар көрүлүшү керек» деген сунуштарды киргизишкенин эске салышкан. Бирок АКШ президенти ал сунуштарга макул болгон эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча АКШда COVID-19 вирусу 381 миң кишиден аныкталды. 12 миңдей киши каза болду. Вирус Нью-Йорк штатында 139 миң кишиден табылды.

XS
SM
MD
LG