Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Вице-спикер эркин ЖМКлардын иши чектелгени сезилип жатканын айтты


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Аида Касымалиева эркин ЖМКнын иши чектелгендиктен айрым учурда коомчулукка маалымат жетпей калып жатканын билдирди. Вице-спикер бул тууралуу «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда сүйлөп жатып айтты.

«Албетте, коопсуздук маселеси бар. Журналисттердин «өкмөт иштебей жатат» деген сынын деле көргөн жокмун. Журналисттер маалыматты тактап эле бергиси келет. Азыр элдин маалымат алышы өзгөргөн. Кыска, так, графикалар менен бериш керек. Азыр фейктер айланып жүрөт», - деди Касымалиева.

Бишкек шаарынын комендатурасы маалымат каражаттары үчүн атайын уруксат берилбей турганын билдирген. Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги кезексиз сессиясында бир катар депутаттар комендатураны журналисттердин иштешине шарт түзүүгө чакырган.

Ага чейин бир катар медиа уюмдар жана эркин маалымат каражаттары комендатуранын мындай чектөөсү Баш мыйзамга каршы келерин эскертишкен. Премьер-министрдин басма сөз катчысынын билдиргенине караганда өкмөт коопсуздукка кам көрүп жаткан күч органдарынын чечимин жүйөлүү деп эсептейт. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында республиканын бир катар аймактарына 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG