Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Министр: Жалал-Абадда кызматкерлери коронавируска чалдыккан оорукана жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттерди дарылоочу оорукана убактылуу жабылды. Бул тууралуу 8-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, буга мекеменин кызматкерлери коронавируска чалдыкканы себеп болду.

«Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын бардык кызматкерлери коронавируска чалдыкканы аныкталды. Ошондуктан бүгүн биз бул оорукананы жаап, дезинфекцияга жиберебиз да, Ош облус аралык оорукананын бир корпусун бошотуп, орун даярдайбыз», - деди ал.

Министр кошумчалагандай, оорукананын кызматкерлери үй карантинине алынды, алар менен контактта болгондор обсервацияда.

8-апрелге карата Кыргызстанда бул илдет жуккандардын саны 270, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG