Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

Асрандиев: Кытай менен чек араны ачууну сүйлөшүп жатабыз


Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекетиндеги инспекциялык көзөмөл пункту. Ош облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай менен чек арадагы «Эркечтам» өткөрмө бекетин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 7-апрелдеги брифингде билдирген.

«Сүйлөшүүлөр он чакты күндөн бери жүрүп жатат. 6-апрелде кытайлык кызматташтар менен биз тараптан Мамлекеттик чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн 1-орун басарынын катышуусунда видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Анда «Эркечтам» өткөрмө бекетин ачуу тууралуу сөз болду. Биз машинелердин ары-бери жүрүш алгоритмин иштеп чыкканбыз. Сунуш бердик, эми жооп күтүп жатабыз. Буюрса, жакында чектелген болсо да «Эркечтамда» иш кайра жанданат деген үмүтүбүз бар», - деди Эркин Асрандиев.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы январь айынын аягында Кытайдагы жаңы жыл майрамына карата жабылган. Кийинчерээк Кытайда коронавирус илдети күч алып кеткенине байланыштуу анын жабылышы белгисиз мөөнөткө узартылган.

Коронавирус илдетине байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам Кыргызстандын быйылкы бюджетине 32 млрд. сом жетпей калышы жана ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) азайышы күтүлүп жатканы расмий кабарланган.

Кыргызстан 2020-жылы 28 млрд. сомдук тышкы карызын да төлөөгө тийиш. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG