Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Жалал-Абад: Оорукана жабылбаганын администрациясы билдирди


Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аталган оорукананын администрациясы «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка ылайык, жугуштуу оорулар бөлүмү айыккан бейтаптарды чыгарып, дезикфекциялоо жумуштарын жүргүзгөн. Бүгүн да 10 бейтапты чыгаруу пландалууда. ««Жалал-Абаддагы жугуштуу оорулар бөлүмү жабылды» деген маалымат чындыкка дал келбейт», деп айтылат билдирүүдө.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржиев 7-апрелдеги басма сөз жыйынында шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 49 кызматкери өз иш бөлмөсүндө обсервацияга алынганын маалымдаган. Анткени аталган мекеменин бир кызматкеринен коронавирустун белгилери аныкталган.

Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттерди дарылоочу оорукана убактылуу жабылганын 8-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирген. Министр буга мекеменин кызматкерлери коронавируска чалдыкканы себеп болгонун айткан.

Жалпысынан бул илдетке чалдыккан дарыгерлердин саны 32 кишиге жетти. (RsK)

XS
SM
MD
LG