Жалал-Абад шаарында аралыктан онлайн окутууну толук камсыз кылуу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мектепте колдонулуп жаткан телевизорлор убактылуу берилип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев билдирди.
«Калаада мындай шартта жашаган 50 үй-бүлөгө билим уясындагы телевизорлорду, бирөөсүнө компьютерди үйлөрүнө жеткирип бердик. Чөнтөк телефону жок окуучуларды да камсыз кылууга аракет кылып жатабыз. Үйүндө такыр телевизор көрбөгөн диний көз караштагы ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Калган үй-бүлөдөгү окуучулар чөнтөк телефондору аркылуу көрүп турушат», - деди Калчаев.
Шаар аймагында 70 жакыр үй-бүлөдө жашаган 100дөн ашык окуучу бар. Калаадагы 23500гө жакын окуучуга миңден ашык мугалим билим берет.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептерде IV чейректи окутуу 8-апрелден тартып онлайн жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги 210 мугалимдин катышуусу менен видеосабактарды жүргүзөт. (RsK)