Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

«Жарандык көзөмөл комитети»: Адвокаттардын ишине тоскоолдук жаралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган аймактардагы чектөөлөр адвокаттардын жана юристтердин ишине тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу «Жарандык көзөмөл комитети» уюму тараткан кайрылууда айтылат.

Уюмдун координатору Динара Ошурахунова «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып өзгөчө абал учурунда адам укуктары өзгөчө коргоого алынышы зарыл экенин белгиледи:

«Айрым адвокаттар социалдык түйүндөрдөгү жеке баракчаларына жазып, өткөрмө ала албагандыктан ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатканын билдиришти. Адвокаттар бирикмеси да «өткөрмө алууга шарт түзүп бергиле» деп суранды. Комендатура унчукпай койду, өкмөт да жооп берген жок».

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Түнкүсүн коменданттык саат учурунда көчөгө чыккандар кармалууда. Ошурахунова белгилегендей, «аларга карата милиция чара көрүүдө. Соттор ишин убактылуу токтоткону менен тергөөчүлөр, прокуратура кызматын улантууда. Андыктан адвокаттын жардамына муктаж болгондор жок эмес».

8-апрелде баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев адвокаттар комендатурага расмий кат менен кайрылышы керек экенин айтып, адамдардын укуктары менен эркиндигин коргоо анын башкы милдети экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG