Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

АКШда коронавирус бир суткада 2 миңдей өмүрдү кыйды


Кошмо Штаттарда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 1970 адам көз жумду. Бул суткалык рекорддук көрсөткүч.

Ошону менен АКШда коронавирус курмандыктары 13 миңге жакындады. Ал эми жаңы вирусту жугузуп алгандар 400 миңден ашты.

Дүйшөмбүдөгү брифинг учурунда АКШ президенти Дональд Трамп бул апта эң оор болушу ыктымал экенин билдирген.

«Тилекке каршы өлүм көбөйөт. Бирок биз эч нерсе кылбай койгонго караганда аз болот. Сыягы биз мындайды эч качан көрбөсөк керек. Балким согуш маалында көргөндүрбүз»,- деген эле президент.

Трамп ошондой эле «COVID-19 жайылып бараткан учурда Кытайга ашкере көңүл буруп туруп алды» деп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун айыптады. «Бактыга жараша баштапкы этабында алардын Кытай менен чек араларыбызды ачык коюу жөнүндө кеңешин четке каккам. Эмнеге алар мындай жаңылыш кеңеш беришкен?» деп президент 7-апрелде «Твиттерге» жазды. Ал ошондой эле уюм негизги каржыны АКШдан алаарын, аны караштырып көрүшү мүмкүн экенин да белгиледи.

8-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жукканы аныкталгандар 1,5 миллионго чукулдады. Алардын 82 миңден ашууну көз жумса, айыккандар 300 миңден көп.

XS
SM
MD
LG