Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Озонниа Ожиело: Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даярбыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело бул тууралуу 8-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен жолугушууда айтып кетти.

«Биз Кыргызстанга, өзгөчө мамлекет кыйын кырдаалда турган мезгилде бардык тийиштүү жардам берүүгө даярбыз. Учурда өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун иши жандандырылды жана кызматташтыктын сегиз артыкчылыктуу багыттары аныкталган», - деп кошумчалады ал.

Аида Исмаилова кыргыз өкмөтү коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча бардык тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Жолугушууда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү Назира Артыкова коронавирус инфекциясын дарылоо жана дартты аныктоо жаатындагы ДСУнун сунуштамаларын вице-премьер-министрге берди.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюш үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык чараларды талкуулашты.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова эл аралык уюмдарга кызматташтыгы жана көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG