Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

«Талибан» диалог үчүн Кабулга барган делегациясын артка чакыртты


Сухаил Шахин.
Сухаил Шахин.

«Талибан» кыймылы ооган өкмөтү менен туткун алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү токтоткондон бир күн өтпөй Кабулдагы делегациясын артка чакыртты. Кыймылдын басма сөз өкүлү Сухаил Шахин талибдердин расмий үч мүчөсү Кабулда ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, бирок андан майнап чыкпаганын, ушундан улам тезинен артка чакыртылганын 7-апрелде «Твиттерге» жазды.

«Талибан» ооган президенти Ашраф Ганинин администрациясын «туткун алмаштуу процессин кечеңдетти» деп күнөөлөп жатат. Ооган бийлиги тескерисинче талибдер «саботаж» кылып жатканын билдирүүдө. Кабул «Талибандын» таасирдүү командирлери абактан бошотулгандан кийин алардын кайра согуш талаасын кайтпашына кепилдик керек экенин белгилеп жатат.

АКШ менен «Талибандын» расмий өкүлдөрү февраль айында кол койгон тынчтык келишимине ылайык, ооган өкмөтү абактагы 5 миңдей талибди, «Талибан» ага жооп катары 1000 туткунду бошотушу керек эле.

Камактагы адамдардын алгачкы тобу 14-марттан тартып эркиндикке чыгары белгиленген. Ошондон кийин гана 19 жылдан берки согушту токтотуш үчүн оогандардын ички диалогу башталышы керек эле.

XS
SM
MD
LG