Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Бишкек комендатурасы: Дыйкандарга блокпосттон өтүү жеңилдеди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык комендатурасынын маалыматына караганда, 8-апрелден тартып баш калаанын аймагында талаа иштерин жүргүзүүчү адамдар жана алардын машинелери блокпосттордон тоскоолдуксуз өтө алышат. Бул үчүн алардын жанында:

1. Паспорт;

2. Айдоочулук күбөлүгү;

3. Машинеге тийиштүү күбөлүк;

4. Жергиликтүү бийликтен айдоо аянты бар экенин тастыктаган маалымдама же айдоо жердин ээси менен ижара тууралуу келишим кагазы болууга тийиш.

Бул документтери жок дыйкандарга блокпосттордон өтүүгө уруксат берилбейт.

Бир катар дыйкандар өзгөчө абалга байланыштуу жазгы талаа иштери кечигип жатканын айтып, даттанышкан.

Жазгы талаа иштери кечиктирбей жүргүзүлүшүн президент Сооронбай Жээнбеков 30-мартта айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эркинбек Чодуевди кабыл алган учурда талап кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG