Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Кытайдын Фошань шаары Ошко гумжардам берди


Кытайдын Фошань шаарынан келген гумжардам.
Кытайдын Фошань шаарынан келген гумжардам.

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 8-апрелде Фошань шаарынан 30 миң даана беткап, 100 медициналык атайын кийим жана адамдын дене табын өлчөй турган 100 даана инфракызыл термометр келди. Мэрия келген жардамды тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүп жатат.

Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Сиань жана Шицзячжуан шаарларынын жетекчилери менен да гумжардам боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) 2019-жылдын 13-июнунда Бишкекте өткөн саммитинин алдында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң менен президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын үч шаары менен боордоштук мамиле түзүү боюнча келишимге кол койгон.

Келишимдин негизинде 2019-жылы декабрда Ош шаарында Кытай ишкерлеринин көргөзмөсү өтүп, анда Кытайдын 30дан ашуун өндүрүш ишканаларынын курулуш каражаттары, чайдын түрлөрү, үй бөлмөлөрүн жасалгалоо үчүн буюмдар коюлган. (MdN)

XS
SM
MD
LG