«Кыргызстанда коронавируска байланыштуу түзүлгөн абалда дарыгерлердин айлыгы кыркылып, акчасы азайтылууда» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 8-апрелде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Министрдин айтымында, өзгөчө абал жарыяланганы көптөгөн бейтаптар медицина мекемелерине жете албай калышты, бирок дарыгерлердин айлыгы кыскартылган жок.
«Эгер чукул жардам зарыл болбосо бейтаптар негизинен үйүндө болуп жатышат. Биз дарыгерлерди акы төлөнбөөй турган өргүүгө кетирген жокпуз. Айлыгы төлөнүүдө. Өкмөттүн ошондой чечими бар», - деди ал.
Медицина кызматкерлеринин укугу бузулуп жатканын «Азаттык» радиосунун эфиринде Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирген. Ал дарыгерлердин макамы тууралуу маселени көтөрүп:
«Азыр иштебеген дарыгерлерди акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетирип жатышыптыр. Бул абдан чоң маселе. Коронавирус менен иштебеген дарыгерлерге «үйдө отургула, акчаңар азаят» деген кеп болуп жатыптыр», - деп айткан.
8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 32 кишиге жетти.
Булардын ичинен аймактар боюнча катталганы:
Ош облусунда - 20
Жалал-Абад облусунда - 7
Бишкекте шаарында - 4
Баткен облусунда – 1 киши.
18-марттан 8-апрелге чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу 270 адамга жукту, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты. (RK)