Коронавирустун алдын алуу штабы социалдык тармактарда тарап жаткан «Объектилерди ачуу этаптары» тууралуу маалыматты төгүндөдү. Штаб бул маалыматтын Кыргызстандагы карантиндик режимге эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.
Бир катар соцтармактарда 13-апрелден тартып Кыргызстанда убактылуу токтоп турган ишкана, соода борборлору, тейлөө кызматтары жана башка тармактар баскыч-баскычы менен ишин жандантаары тууралуу маалымат тараган. Анда кайсы тармак кайсы күндөн тартып иштей турганы таблица түрүндө көрсөтүлгөн. (ZKo)