Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Өзбекстан мигранттары үчүн Орусиядан жеңилдик сурады


Москва. 6-апрель, 2020-жыл.
Москва. 6-апрель, 2020-жыл.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын өкмөтүнө расмий нота жиберип, апрелдин аягына чейин мигранттарынын эмгек патенттеринен төлөм албай турууну өтүндү.

Министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Авазбек Хажиметов учурда маселени Орусиянын тийиштүү органдары карап жатканын шаршембиде билдирди.

Коронавирустун таралышына каршы туруш үчүн Орусияда 30-апрелге чейин дем алыш жарыяланган. Хажиметов буга байланыштуу өзбекстандык мигранттар да ишсиз калышканын белгилеп өттү.

Расмий маалыматка караганда Орусияда 2 миллиондой өзбек жараны иштейт.

XS
SM
MD
LG