Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:47

Роналдиньо үй камагына чыгарылды


Роналдиньо.
Роналдиньо.

Бразилиялык футбол жылдызы Роналдиньо жана анын агасын Парагвай соту 7-апрелде үй камагына бошотту. Бул үчүн ага-ини 1,6 млн. доллар күрөөгө коюшкан.

Барселонанын, Пари Сен-Жермен жана Милан клубдарынын мурдагы оюнчусу, Брализия курама командасы менен Дүйнө кубогун жеңген футболчу менен бир тууганы 6-мартта камакка алынган.

Аларды Парагвайдын жасалма паспортун көтөрүп жүрүшкөн деген айып коюлган. Экөө тең айыпты четке кагып келишет.

Борбор Асунсьон шаарынын соту ири суммадагы күрөө коюп, өлкөдөн чыкпоо шартына көнүшкөн бир туугандарды абакта кармап отурууга зарылчылык жок деп тапкан.

Роналдиньо кесиптик карьерасын 2018-жылы жыйынтыктаганы менен футбол күйөрмандары арасында дагы эле атактуу. Ал Барселона менен бирге 2006-жылы Чемпиондор лигасын утуп, 2004-2005-жылдары ФИФАнын мыкты футболчусу аталган.

XS
SM
MD
LG