Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:03

9-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 2…7,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -2...-4 үшүк жүрөт, күндүз 1…6,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 3…5 градус болот.

XS
SM
MD
LG