Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

ЕӨРБ Кыргызстанга жардам берүү ниетин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуунун жакынкы келечекке карата багыттары, анын ичинде коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүү чараларын талкуулады.

Аталган банктын өкүлү жеке секторго, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн гигиена, жеке коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүү жана жеңилдетилген каржылоо варианттары каралып жатканын маалымдады. ЕӨРБ дүйнөлүк кризистик кырдаалга карабастан өлкөдө белгиленген бардык долбоорлор өз маалында ишке ашырыларын маалымдады.

Буга чейин президент Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Дүйнөлүк банктан, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан, Эл аралык Валюта Фондунан, Ислам өнүктүрүү банкынан да жардам сураган.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар. 18-марттан 8-апрелге чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу 270 адамга жукту, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG