Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Орусияда пандемияга каршы күрөшкөн дарыгер кошумча 80 миң рубль алат


Москвадагы ооруканалардын бири. 25-март, 2020-жыл.
Москвадагы ооруканалардын бири. 25-март, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 8-апрелдеги губернаторлор менен жыйын өткөрүү учурунда коронавируска каршы жаңы жардам чараларын сунуш кылды.

Ага ылайык, медицина кызматкерлерине үч ай кошумча акы төлөнөт. Тактап айтканда, коронавирус жуккандар менен түз иштеген дарыгердин айлыгына 80 миң рубль кошулат. Андан тышкары иш милдеттерине карай башка саламаттык сакчыларынын айлыгы 25-50 миң рублга көтөрүлөт.

Ошондой эле ишкерликти колдош үчүн өкмөткө кошумча чараларды иштеп чыгуу тапшырылды. Путин жумушчуларын бошотуп жибербеген ишканаларга жардам биринчи иретте көрсөтүлөрүн белгиледи.

Ата-энеси иши жок калган үй-бүлөнүн ар бир баласына үч ай бою 3 миң рублдан бөлүнөт. 1-марттан кийин ишинен ажырагандарга кеминде 12 миң рубль жөлөкпул берилери буга чейин белгилүү болгон.

Орусиянын банктагы кирешеси 1 млн. рублден ашкандардан 13%, киреше каражаттарын чет өлкөгө чыгарып кетип жаткандардан 15% салык алмай болгон. Түшкөн каражат калктын аялуу катмарына жумшаларына убада берилүүдө.

XS
SM
MD
LG