Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдан медициналык ар кандай каражаттарды, буюмдарды ташып келүүнү каалаган ишканаларды жана жеке менчик компанияларды бул мамлекеттин талаптарын сактоого чакырды.
Тышкы саясат мекемесинин маалыматына ылайык, 1-апрелден тартып сыртка ташылган медициналык товарларга көзөмөл кылуу максатында, Кытайдын тийиштүү органдары медициналык жүктү экспорттоого кошумча талаптарды киргизишти.
Тактап айтканда, коронавирусту аныктоочу экспресс-тест, беткап, коргоочу кийимдер, жасалма дем алдыруучу аппарат, дене табын текшерүүчү жабдык ташып бараткан компания бажы документтеринен тышкары медициналык жүк экспортоо боюнча декларацияны жана жогорудагы товар импортоочу өлкөнүн талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө негиздемени көрсөтүшү керек.
ТИМ бул талаптар аткарылбаган учурда чек арадан өткөрүүдө маселе чыгарын эскертет. (TSh)