Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өзгөчө абал киргизилген бардык шаарларда, райондордо Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөткөн бардык кызматтардын иши 31-марттан абал турукташканга чейин токтотулду. Тактап айтканда, калкты тейлөө борборлору (ЦОН), автоунаа каражаттарын каттоо, почта кызматтары, архивдик кызматтар убактылуу иштебейт.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, бир катар чектөөлөр киргизилген. (TSh)