Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Парламент муктаждык болбосо жалпы жыйындарга чогулбайт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бишкектеги өзгөчө абал режимине байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйындарды өткөргөн жок. Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун айтымында, жалпы жыйындар зарыл учурда гана өтөт. Учурда Жогорку Кеңештин аппараты, иш башкармалыгы гана иштеп жатат.

«Фейсбукта» айрым депутаттар ат минген, эс алган сүрөттөрүн киргизип эстафета кылып жатканы социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында талкууга жем таштады. Айрымдар кыйын кырдаалда депутаттардын эстафетасын «орунсуз» деп жатышат.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Бишкек баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, бир катар чектөөлөр коюлган.

XS
SM
MD
LG