Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

ИИМ: 9-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 91 адам бузду


Коменданттык саат учуру. Ош шаары. 28-март, 2020-жыл.

Анын ичинен Бишкек шаарында 61, Ош шаарында 6, Жалал-Абад шаарында 3, Сузак районунда 21 адам өзгөчө абалдын эрежелерин бузганы үчүн кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык саат талаптарын бузгандар катталган жок.

25-марттан бери коменданттык сааттын талаптарын бузган 2192 адам кармалып, кайра коё берилген.

Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00-7:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөөгө тийиш. (ZKo)

XS
SM
MD
LG