Нарын облусунун Ат-Башы районунда 9-апрелге караган түнкү катуу шамалдан бир нече айыл электр энергиясы жок калды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Чыгышэлектро» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, бактарды кулатып, электр зымдарын үздү. Кээ бир жерлерде бетон устундар кулады.
Азыркы тапта жумушчулардын 10 бригадасы табигый кырсыктын кесепеттери менен алек болуп жатышат. (RK)