Күч түзүмдөрү ооруканалардагы чыныгы абал тууралуу айтып чыккан дарыгерлерди жана алардын жакындарын куугунтуктаганын тез арада токтотуп, өкмөт ар бир медицина кызматкерин жеке коргонуу каражаттары жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылышы керек. Мындай талап «Адилет» укуктук клиникасынын 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусунда айтылат.
Ошону менен катар уюм жер-жерлердеги коменданттардын адам укуктарына байланыштуу буйруктарын толук жана ачык жарыялоону, алардын мыйзамга шайкештигин текшерүүнү, коронавируска каршы бөлүнүп, чогултулуп жаткан акчанын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматтын ачыктыгын камсыз кылууну талап кылды.
«Адилет» клиникасы медицина кызматкерлеринин укуктук жана социалдык кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган мыйзамдарды тезирээк кабыл алуу зарыл деп эсептейт.
«Адилеттин» кайрылуусунда аты аталган мекемелер бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.
Социалдык түйүндөрдө мамлекет жумуштагы коопсуздугун камсыз кылып бере албаганын айткан медицина кызматкерлеринин кайрылуулары көп чыга баштады.
Оштогу Балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын 20дай дарыгеринин атынан бийликке багытталган ачык кат коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.
Кыргызстанда 18-марттан 9-апрелге чейин COVID-19 илдетине 34 медицина кызматкери чалдыкты. Бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны - 280. (RK)