Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Коронавирус жуккан он бейтаптын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан адамдардын онунун абалы оор. Бул тууралуу 9-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирус жуккан 246 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 10 адам оор абалда. Онунун бешөө реанимацияда.

Ооруга чалдыккандардын 30у 15 жашка чыга элек, арасында бирге толо элек бир наристе бар.

16-19 жаштагылар 11 адам, 20 жаштан 35 жашка чейинкилер 71 киши. 35 жаштан 55 жашка чейинки курактагылар 101 бейтап. Ал эми 55 жаштан улуулар 67 адам.

18-марттан 9-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 280 адамга жукту, алардын төртөө каза болду. 280 бейтаптын 34ү медицина кызматкери. (RK)

XS
SM
MD
LG