Саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттик башкы санитардык дарыгер Төлө Исаков өз каалоосу боюнча кызматтан кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Исаков ден соолугуна байланыштуу өзү арыз жазган. Азырынча анын ордуна жаңы кызматкер дайындала элек.
Исаков министрдин орун басары болуп быйыл 29-январда дайындалган болчу.
18-марттан 9-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 280 адамга жукту, алардын төртөө каза болду. 280 бейтаптын 34ү медицина кызматкери. (RK)