Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:51

Мамлекеттик адвокат тууралуу мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуш талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик юридикалык жардамдын жол-жобосу жазылган мыйзамга кошумча киргизүү тууралуу долбоор иштелип чыкты. Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунун автору - Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова.

Ал жарандарга мамлекеттин эсебинен юридикалык жардамды айрым категориядагы жарандык жана административдик иштер боюнча да көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуш кылууда.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде: «Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардамды координациялоо боюнча райондук бюролорду түзүү алгачкы консультациялык-укуктук жардам көрсөтүш үчүн керектүү чара болуп саналат. Кепилдик берилген юридикалык жардамга укуктуу жактардын тизмесине качкындар жана үй-бүлө зомбулугунан жабыр тарткандар киргизилет» деп айтылат.

Азыркы мыйзамдар боюнча муктаж адамдарга мамлекеттин эсебинен адвокаттык жардам жазык иштери боюнча гана берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG