Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:02

Назарбаевдин жакындары Лондондогу сотто утушту


Нурали Алиев.
Нурали Алиев.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү Лондондогу үч кыймылсыз мүлккө байланыштуу Британиядагы сотту утуп алды.

8-апрелде Лондондун Жогорку соту Назарбаевдин кызы Дарига менен анын уулу Нурали Алиевге таандык деп көрсөтүлгөн эки хансарай менен бир батирге байланыштуу үч ордерди четке какты. Соттун токтомунда далилдер жетишсиз экенин айтылган.

Бирок Британиянын Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиги жогорку инстанцияга арызданарын билдирди. Март айында аталган агенттик Лондондогу үйлөр Нуралинин атасы жана Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин «мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына алынганын» жүйө келтирип, хансарайлар кайсы акчага келгенин түшүндүрүп берүүнү талап кылган үч ордер чыгарган.

Лондондогу сотто Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн адвокаттары бардык дооматтарды четке кагышып, Дарига Назарбаеванын жеке өзүнүн мындай кыймылсыз мүлктү сатып алууга кудурети жетерин жүйө келтиришти.

Британияда 2018-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, эгер кожоюн кандайдыр бир байлыгын мыйзамдуу тапканын далилдей албаса, андан ажырап калышы мүмкүн.

Дарига Назарбаева - учурда Казакстандын Сенатынын спикери, өлкөдөгү экинчи расмий адам. Ал эми Нурали Алиев 2014-2016-жылдары борбор Астананын акиминин орун басары болуп иштеген. Ишкер жана өлкөсүндөгү эң бай адамдардын бири саналат.

XS
SM
MD
LG