Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Оштогу дарыгерлердин вируска жапырт чалдыгышын иликтегени Бишкектен атайын топ жөнөп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда медицина кызматкерлери коронавируска жапырт чалдыккан окуяны иликтеш үчүн Бишкектен инфекциялык көзөмөл адистеринен турган атайын топ Ош шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу 9-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргенин Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Министр белгилегендей, ар бир медицина кызматкери боюнча териштирүү жүргүзүлүп, тийиштүү баа берилет.

«Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү, - деди ал. - Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз».

18-марттан 9-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 280 адамга жукту, алардын төртөө каза болду. 280 бейтаптын 34ү медицина кызматкерлери. Алар: дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана кир жууган жумушчулар.

Аймактар боюнча айтканда, Бишкекте төртөө, Ош облусунда 21, Жалал-Абад облусунда сегиз жана Баткен облусунда бирөө.

Бир күн мурда Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар клиникасынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлери өкмөткө кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG