Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

10-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

10-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-5 үшүк жүрөт, күндүз 6…11,

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-7 үшүк жүрөт, күндүз 3…8,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлеринде -2...-4 үшүк журөт, күндүз 6…11,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…+1 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 7…9 градус болот.

XS
SM
MD
LG