Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 18:49

ТИМ: Чет өлкөлөрдө COVID-19 жуккан 31 кыргызстандык бар


Нуран Ниязалиев.

Чет мамлекетте жүргөн кыргыз жарандарынын арасынан 31 адамда COVID-19 инфекциясы табылды. Бул тууралуу 9-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, 31 кыргызстандыктын ичинен Пакистанда жети бейтап бар. Малайзияда диний окуу жайдагы төрт студенттин бирөө, Бириккен Араб Эмираттарындагы үч бейтаптын бирөө айыгып чыкты. Индияда бирөө бар. Испанияда бир студент үйдө карантинде отурат. АКШда коронавирус боюнча шектүү сегиз киши байкоого алынды.

«Оору жуккан бардык жарандар ошол өлкөлөрдүн медицина мекемелерине жаткырылган жана дарыланууда. Консулдук кызматкерлер алар менен тынымсыз байланышта», - деди министрдин орун басары.

Ал эми коронавирус жукканы Казакстанда аныкталган үч кыргызстандык жүк ташуучу 6-апрелде Бишкекке алынып келип, ооруканага жаткырылган.

Ошол эле күнү Орусиядан чартердик рейс менен келген 17 кыргызстандыктын төртөөнүн анализи таза эмес чыгып, обсервацияга алынган.

Кыргызстандын өзүндө 9-апрелге карата коронавирус табылгандардын саны 280 адамга жетти, алардын төртөө каза тапты, айыгып чыккандардын саны 30дун тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG