Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

ТИМ: Орусиядан учуп келген 17 кыргызстандыктын төртөөнөн коронавирус чыккан


«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

6-апрелде Орусиядан чартердик рейс менен Бишкекке учуп келген 17 кыргызстандыкты алгач текшергенде төртөөндө коронавирус инфекциясы бар экени аныкталган. Бул тууралуу 9-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди:

«Төрт жаранда биринчи экспресс-тесттер оң натыйжа көрсөткөн. Алар обсервацияга жаткырылган. Медицина кызматкерлери анализдердин акыркы жыйынтыгын алуу боюнча иш жүргүзүүдө».

6-апрелде Екатеринбургдан 17 кыргызстандыкты алып келген «Урал авиа жолдору» компаниясынын учагы менен кайра 35 орусиялык учуп кеткен.

9-апрелге карата чет жакта жүрүп коронавирус табылган кыргыз жарандарынын жалпы саны, Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 31 адам.

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус 280 адамдан табылды, алардын төртөө каза тапты, айыгып чыккандардын саны 30дун тегерегинде.

Орусияда жүздөгөн кыргызстандыктар азыр да аэропорттордо Бишкекке чартердик рейс күтүп отурушат. Өкмөт аларды алып келүү мүмкүн эмес экенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG