Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Аида Исмаилованын ордуна Айгерим Бешимбаева депутат болду


Аида Исмаилова. 1-апрель, 2020-жыл.

Башка ишке өткөнүнө байланыштуу «Республика - Ата Журт» партиясынын парламенттеги депутаты Аида Исмаилованын мандаты мөөнөтүнөн мурда алынды. Анын ордуна партиянын тизмесинде кийинки орунда турган Айгерим Бешимбаева Жогорку Кеңешке депутат болуп катталды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 9-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Аида Исмаилова 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган. Депутаттык мандатын тапшырышы тууралуу Исмаилованын арызы Боршайкомго 4-апрель күнү берилген.

Конституциянын «Президенттик жана парламенттик шайлоолор» тууралуу 65-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш депутатынын ишмердүүлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет.

Шайлоо кодексине ылайык, аял депутаттын мандаты алынса, анын ордуна аял талапкер, эркек депутаттын мандаты алынса, анын ордуна эркек талапкер гана депутат болуп келе алат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG