Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Нурдинов: мамкызматкерлер өткөрмө кагаздарын өздөрү үчүн колдонуп жатышат


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарынын жана Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов айрым мамлекеттик кызматкерлерди өткөрмө кагаздарын жеке кызыкчылыктарына колдонбоого чакырды. Анын айтымында, уруксат кагазы бар мамкызматкерлер башка аймактарга кирип жүргөн учурлар болуп жатат.

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөрмө кагаздарын өз кызыкчылыктарына колдонуп, башка аймактарга кирип жүргөнүн байкап жатабыз. Ушул нерсени токтотуңуздар деп кайрылып кетет элем! Баарыбыз элдин кызматында талапка жооп берген иштерди аткарууга тийишпиз», - деди Маликов.

Кыргызстанда Бишкек баштаган бир нече аймактарда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бирок айрым мамлекеттик кызматкерлерге уруксат кагаздары берилген. Уруксат кагаздары боюнча коомчулукта Бишкек комендантурасына сын көп айтылууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG