Кыргызстандын Индиядагы элчилиги «окуя боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын күтүш керек» деп эскертет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Тышкы саясат мекемесинин маалыматына ылайык, Непал өкмөтүнөн кыргыз өкмөтүнө ардактуу консулдун кармалганы боюнча расмий билдирүү келип түшө элек. ТИМ бул маселе көзөмөлдө экенин жана кошумча маалымат берилерин маалымдады.
ТИМ Кыргызстандын ардактуу консулу Сунил Агарвал Непалдагы бир нече ири компанияларды камтыган «Шанкер груп» уюмунун вице-төрагасы экенин кошумчалады.
Буга чейин айрым жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Интернетте тараган видеого таянып, Кыргызстандын Непалдагы консулу кармалганын жазышкан. (TSh)