Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

«Оксфам» бай өлкөлөрдү жакырларга жардам берүүгө чакырат


«Оксфам» уюму.
«Оксфам» уюму.

«Оксфам» уюму пандемия кесепетинен 500 миллион адам жакырчылык сазына батышы ыктымал экенин белгилеп, бакубат өлкөлөрдүн лидерлерин комплекстүү куткаруу жагынан чара көрүүгө чакырды.

9-апрелдеги баяндамасында уюм кризис шартында бай өлкөлөр өз экономикасын колдоого триллиондогон доллар чыгара аларын көрсөтүшкөнүн, ушундай эле көмөктү жакыр өлкөлөргө да уюштуруу зарыл болорун жазды.

«Глобалдык жакырчылык алгач ирет 1990-жылдагыдан да жогорулашы мүмкүн», деп тактады «Оксфам».

Уюм пандемиянын терс таасирин жумшартуу максатында «Баары үчүн чукул жардам пакети» аттуу планын сунуш кылды. Анда өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн 1 триллион долларга чейин карызын быйыл кечүү, каржылык жардам көрсөткөн эл аралык резерв түзүү, саламаттык тармагына кошумча 500 млрд. доллар бөлүү каралган.

«Оксфам» (Oxfam) уюму - дүйнөдө жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн кайрымдуулук уюмдарынын эл аралык бирикмеси.

XS
SM
MD
LG